Талашка түшкөн 80 миллион сомдук күрөө (видео)

1325

Башы чечилбей турган 80 миллион сомдук күрөө. Дал ушундай суммадагы акча өткөн жылы парламенттик шайлоого катышкан партияларга кайтарылабы деген суроо учурда курч турат. Буга тиешелүү мыйзамга «өнөктүктүн жыйынтыгы жокко чыгарылганда күрөөнүн тагдыры тууралуу» жазылбай калганы себеп болгон.

Андыктан айрым партиялар сотко кайрылууга камынып жатса, Жогорку Кеңеште болсо бул жаатта документ кароодон өтө баштады. Бирок ал артка иштеп, партияларга күрөө кайтарылары күмөн бойдон калууда.