Миңден ашуун мигрант Соль-Илецк аймагында топтолуп калды

6863

Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын миңден ашуун жараны Оренбург облусунун Соль-Илецк аймагында топтолуп калды. Алар чек аралардын ачылышын күтүп, мекенине кайтууну көздөшүүдө. Чатырларда, автоунааларда түнөгөн мигранттардын арасында кош бойлуу аялдар, пенсионерлер жана балдар бар.

Оренбург шаарындагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Урмат Жамгырчиев 23-июнда эле мигранттар жүздөн ашпаганын, бирок акыркы жумада алардын саны кескин көбөйүп кеткенин билдирди. Кыргызстандын Оренбургдагы консулу Жандар уулу Таалайбек транзиттик коридор боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, бирок бул өтө узак жараян экенин билдирди. “Дипломатиялык жол-жоболор кеминде 20-30 күнгө созулат”, – деди ал.

Пандемия башталгандан бери орус-казак чек арасында ушуну менен мигранттар үчүнчү жолу топтолуп жатышат. Кыргызстандыктардын биринчи тобу – 541 киши 7-майда Казакстан аркылуу мекенине жеткирилген. Экинчи тобу майдын ортосунда кайткан. Анда Оренбургда Кыргызстан жана Өзбекстандын 500дөй жараны топтолуп калган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.