Эмне себептен банктарда доллар сатылбай жатат? (видео)

6511

Бишкекте айрым коммерциялык банктарда доллар сатылбай жатат. Анткени АКШ валютасы жок болуп жатканын айтышууда. Кээ бир банктар өздөрү чектеп бир адамга 100 долларга чейин берип жатышыптыр. Мунун айынан ишкерлер жапа чегип жатышат.

Көпчүлүгү башка өлкөдөн которулган долларды Кыргызстандын банктарынан аталган валюта менен ала албай жатканын айтып нааразы. Ал ортодо доллардын куну өсүп, 1 доллар 85,50дөн сатылып жатат. АКШ акчасынын наркы улам-улам өзгөргөндүктөн айрым акча алмаштыруу жайларында курсту көрсөткөн такталар бош турду.