Минскте Айтматов атындагы эс алуу багында жазуучунун эстелик белгиси ачылды
НТС
Минскте Чыңгыз Айтматовго арналган паркта жазуучунун эстелик белгиси ачылды. Иш чарага Кыргызстан менен Белорустун премьер-министрлери катышты.
Минсктеги Чыңгыз Айтматов атындагы сейил багы бир тууган элдер ортосундагы достуктун жаркын символу катары кызмат кылаарына ишеним артам, деди премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев эстелик белгинин ачылыш салтанатында.
Минсктин борбордук бөлүгүндө жайгашкан эс алуу багына Айтматовдун атын берүү чечими быйыл май айында кабыл алынган. Парктын аянты 19 гектардан ашат.