НТС

Митингде жабыркаган 5 адам жандандыруу бөлүмүндө (видео)

Митинг башталган үч күн ичинде жабыркагандардын саны 900дөн ашты. Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашкандай, акыркы бир суткада 169 жаран ооруканага жаткырылды. Медициналык мекемелерге кайрылган жалпы бейтаптардын 705 биринчи жардам алгандан кийин үйлөрүнө жөнөтүлгөн.

Ал эми 205 жаран дарылануу үчүн стационарларга жаткырылып, анын ичинен беш киши жандандыруу бөлүмүнө которулган. 6-октябрга караган түнү Бишкекте парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы партиялардын тарапкерлеринин митинги массалык башаламандыкка чейин жетип, 19 жаштагы жигит ооруканада көз жумган.