Элдик толкундоолор учурунда жаракат алгандар жардамга муктаж (видео)

5196

Октябрь айындагы элдик толкундоолор маалында көзүнөн жаракат алган Эшболот Катиров жардамга муктаж. Ал өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп, 5-октябрь күнү аянтка чыгып, анда эл менен күч органдарынын ортосундагы кагылышуу учурунда көзүнө желим ок тийген.

Учурда бир көзү таптакыр көрүүдөн калса, экинчиси да чала көрөт экен. Аны дарылоого кошуна өлкөнүн кайрымдуулук фонду кол сунуп жатыптыр. Бирок ал жакка барганга Эшболот Катировдун чама-чаркы чак келбейт. Анткени жараат алган күндөн тарта иштебей калган.