НТС

Москвада эки өзбек жараны балдарды барымтага алды

Москвада бычак менен куралданган Өзбекстандын эки жараны бир нече кыз ижарага алып жашаган үч бөлмөлүү батирге кирип барышкан. Бул тууралуу «112» телеграм-каналы кабарлады.

Маалыматка караганда, ал маалда батирде эрезеге жете элек эки баласы менен бир келин болгон. Ал үйдөн чуркап чыгып, полицияга телефон чалган.

Окуя болгон жерге келген тартип сакчылар кылмышкерлерди кармап, балдарды куткарышкан. Жабыркагандар болгон эмес.