19 жаштагы жигиттин өлүмүнүн артында ким турат? (видео)

5462

Чүй областындагы Аламүдүн капчыгайында 19 жаштагы жарандын колу-бутун байлап, оозун скотчтоп, бакка асып өлтүргөндөр кармала элек. Кылмышка кимдер шектүү экени да белгисиз бойдон калууда. Аталган факты “адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, окуя Ички иштер министрлиги жана Чүй областтык милициясынын көзөмөлүнө алынды.

Мыкаачылык менен өлтүрүлгөн жигиттин жансыз денеси 2 күн мурда Тёплые ключи санаториясынын аймагында табылган эле. 19 жаштагы жарандын киши колдуу болушу уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалышы мүмкүн деген версиялар айтылууда.