Үрүмчү шаарынын туристтик жайлары (видео)

15807

НТС телеканалынын журналисттери Кытайдагы этникалык кыргыздардын жашоосу тууралуу сюжеттердин түрмөгүн улантат. Бул сапар Синьцзян-Уйгур автоном районунун жергиликтүү тургундары тууралуу баяндалат. Бул аймакта 24 миллион адам жашаса, алардын басымдуу көпчүлүгү уйгур, кыргыз, казак улутунун өкүлдөрү. Жергиликтүү тургундардын көпчүлүгү соода-сатык, кол өнөрчүлүк менен жан багышат.

Кытайдын Үрүмчү шаарына чет элден келген коноктордун саны арбын. Ага жараша аталган шаарда туристтерди кызыктыруучу жерлер да көп. Алардын бири СУАРдагы эң белгилүү наабайкана жана Кызыл-Тоо эс алуу жайы.