НТС

Мурда чыр менен жумуштан алынгандар кызматка дайындалууда (видео)

Билим берүү жана илим министри кызматына Ош Мамлекеттик университетинин ректору Каныбек Исаковдун талапкерлигин Жогорку Кеңештеги дагы бир тармактык комитет жактырды. Анын кандидаттыгы социалдык маселелер боюнча комитетте каралып, колдоо тапкан.

Ал эми мурдагы министр Гүлмира Кудайбердиева жогорку окуу жайлардын бирине ректор болоору кабарланууда. Мындан тышкары, өкмөттө башка дагы кадр алмашуулар күтүлүп жатыптыр. Бирок жаңы жүздөрдү кездештирүүгө болбойт. Баягы эле эски жүздөр орун алмашууда. Бул кадр саясатындагы жаңы ыкмабы же өлкөдө адистер жетишсизби?