Бишкекте жасалма акча сатууга аракет кылган 65 жаштагы шектүү кармалды

13810

Бишкекте жасалма 15 миң доллар сатууга аракет кылган киши кармалды. 65 жаштагы кылмышка шектүү колго түшүрүлүп, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары «акчаны же баалуу кагазды жасалмалоо» беренеси менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды.

Азыркы учурда жасалма акчаларды сатууга катыштыгы бар башка адамдарды аныктоо багытындагы ыкчам тергөө иштери жүргүзүлүп жатканын УКМКдан маалымдашты.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.