453

Муштуму менен таш талкалаган жумгалдык “Таш чабар”


“Таш чабар”. Мындай каймана атка Жумгал районунун Чаек айылынын кулуну Улан Чыныбаев ээ болду. 37 жаштагы Улан колуна эч нерсе кийбестен таштарды талкалайт. Ал өзү мындай өнөрү бар экенин орто мектепти бүткөндө байкаган. Улан Чыныбаев таш чабар өнөрү менен киреше – таппайт. Келечекте бул хоббисин адистештирүүнү да максат кылган эмес. Эгер кайсыл бир шоу программаларга чакыруу келсе, катышып көрүүгө даярмын, дейт.