Бразилиянын кант камышынан жасалган кумшекер КРда сатылууда (видео)

6480

Кумшекерди Кыргызстандын аймагынан ташып чыгууга убактылуу тыюу салынат. Өкмөт тарабынан киргизилип жаткан чектөө 2 күндөн кийин күчүнө кирип, ал 6 айга чейин иштейт. Мындай кадамга барууга өлкөдөгү кумшекердин тартыштыгы жана анын баасынын кескин кымбаттап кетиши себеп болууда.

Учурда Кошой менен Кайынды-Кант заводдору жергиликтүү дыйкандар тапшырган кант кызылчасы түгөнүп калгандыктан Бразилиядан келген кант камышын колдонуп жатышыптыр. Анын баасы дүйнөлүк рынокто кымбат болгондуктан, бул жактагы сатуу наркына да таасирин тийгизген. Буга чейин заводдордо чыгарылган кумшекердин баасы 60 сомду түзсө, азыр 79 сомго чейин көтөрүлгөн.