Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 4204 жетти

9190

Кыргызстанда коронавирус жуктурган жаңы 250 учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди. Бишкек шаарында 105 кишиден, Чүй облусунда − 61, Ош шаарында − 47, Ош облусунда − 19, Нарында – 1, Ысык-Көлдө – 2, Таласта – 1, Баткенде − 2 жана Жалал-Абад облусунда 12 адамдан коронавирус табылган.

Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 4204тү түзөт. Алардын ичинен 2162 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 43 адам каза болду.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.