Антикризистик план качан ишке ашат? (видео)

1963

Өкмөт азык-түлүктү сыртка чыгарууга тыюу салды. Бул тизмеге буудай, ун, жумуртка, туз, кумшекер, өсүмдүк майы, күрүч сыяктуу азыктар кирет. Мындан тышкары, мал тоютун, бактерияга каршы дезинфекциялоочу каражаттарды да экспорттоого болбойт.

Ошондой эле, өкмөт бир катар мамлекеттик мекемелерди карантинге таратууну көздөөдө. Ал эми экономика багытындагы республикалык штаб ишкерликке жардам берүү максатында антикризистик план иштеп чыгууда. Ага көз каранды эмес эксперттер катышып, бизнес тармагынын сунуш-пикирлери эске алынат.