Азык-түлүк ташып келген ишкерлер Бишкек шаарына тоскоолдуксуз кире алат

5209

Азык-түлүк ташып келген ишкерлер Бишкек шаарына тоскоолдуксуз кире алышат. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары, Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди. Анын айтымында, ишкерлер Бишкек шаарына, ошондой эле шаардын карантиндик аймактарына тоскоолдуксуз кире алат.

Алар төмөнкү посттор аркылуу өтө алышат: Алыкулов – Ден Сяопин, Достук дачасы, Жаш-Гвардия бульвары – айланма жол, Курманжан датка – айланма жол, Киргшелк посту, 7-апрель — Токомбаев, Кожобергенов – Жеңишке 50 жыл, Семетей — Жеңишке 50 жыл, Селекциядагы май куючу жай.

«Биз азык-түлүк, дары-дармек алып келип жаткан ишкерлерди бардык жагынан колдоого аракет жасап жатабыз»,- деп кошумчалады ал.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.