“Кумтөр” 3 млрд доллар айып төлөп береби же соттошобу? (видео)

1625

3 миллиард доллар айыпка жыгылган “Кумтөр” ишканасы кийинки инстанцияга даттанабы же жокпу белгисиз. Азырынча аталган компания бул суроону жоопсуз калтырууда. Өткөн жумада Бишкектин Октябрь райондук соту “Кумтөр” алтын кениндеги Давыдов, Лысый мөңгүлөрүндөгү калдык топтоочу жайды мыйзамсыз деп таап, “Кумтөр Голд” компаниясына 261 миллиарддан ашуун сомду мамлекетке төлөп берүүнү милдеттендирген.

Ишканага каршы доо арызды Кыргызстандын төрт жараны жазган. Канадалык компания болсо соттун чечими 2019-жылкы кыргыз өкмөтү менен “Центерра Голд” түзгөн келишимдин шарттарын буза турганын билдирүүдө.