100 миң сомго чейин насыя алгандар үч айдын үстөк пайызын төлөөдөн бошотулат

2327

Өкмөт финансы-насыя уюмдарынан насыя алгандарга мамлекеттен колдоо көрсөтүү тууралуу токтом кабыл алды. Ага ылайык, быйылкы жылдын 1-октябрына чейин 100 миң сомго чейинки суммада насыя алгандар үч айдын – быйылкы жылдын декабры жана келерки жылдын январь, февраль айлары үчүн үстөк пайызын төлөөдөн бошотулат.

Эгер ал адамдын башка да финансы-насыя уюмунан алган насыясы бар болсо, ал бирөөнү гана тандашы керек болот. Мындай жеңилдик кредиттик союздан, лизинг компаниясынан жана ломбарддан карыз алгандарга берилбейт.

13-ноябрда премьер-министр Садыр Жапаров кол койгон токтомго ылайык Финансы министрлигине парламенттин тийиштүү комитети менен макулдашып, бюджеттен 1 миллиард 253 миллион 216 миң сом караштыруу тууралуу тапшырма берилди.

Кыргызстанда банктардан насыя алып, бирок кайтарып бере албай калган жарандарын маселеси олуттуу социалдык мүшкүлдөрдүн бирине айланган. Буга чейин алардын өкүлдөрү бир нече жолу акция өткөрүшкөн.

Улуттук банктын маалыматына караганда, 2019-жылы 600 миңден ашуун кыргызстандык жалпысынан 30 миллион сомдон ашуун (355 миң доллар) суммага насыя алган. Бул акчанын көпчүлүк бөлүгү айыл чарбасына жана жеке муктаждыктарга берилген.

Башкы банк быйыл март айына карата кыргызстандыктардын коммерциялык банктарга болгон насыя карызынын жалпы суммасы 152 миллиард 861 миллион сом экенин маалымдаган.