Мэрия: Мектептер дезинфекцияланат, бирок жабылбайт (видео)

4585

Өлкөдөгү медициналык мекемелерди дары-дармектер менен жетиштүү камсыздап, кошумча койка-орундарды уюштуруу зарыл. Президент Садыр Жапаров өлкөдөгү эпидкырдаал боюнча ыкчам жумушчу кеңешме өткөрдү. Ага саламаттыктык сактоонун аймактык мекемелеринин жетекчилери катышышты.

Ал арада өлкөдө эпидемиологиялык абал курчуп, акыркы суткада 222 адам коронавирус жуктуруп алды. Анын 183 Бишкек шаарында катталды. Алардын арасында 22 окуучу менен 11 мугалим да бар болгондуктан, айрым билим берүү мекемелери аралыктан окутууга өттү. Бирок калган мектептер азырынча жабылбайт. Болгону шайлоодон кийин 2 күнгө дезинфекция иштери жүргүзүлөт экен.