Ноокатта Ак-Буура дарыясына агып кеткен эки адамды издөө иштери уланууда

6444

Ош облусуна караштуу Ноокат районунда 14-сентябрь күнү кечинде Ак-Терек-Папан-Кожокелен унаа жолунун 40-чакырымында (Күндү-Дөбө айылы) “Хюндай-Портер” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, автоунаа Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, унаада үч адамдын ичинен бирөөсү аман калып, жолдо бараткан унаанын жардамында Ош облустук ооруканасына жеткирилген. Ал эми 64 жаштагы киши жана 4 жашар бала сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

«Издөө иш-чараларын жүргүзүүгө 3 куткаруучу тартылып, түн киргендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулган, натыйжа болгон жок. Бүгүн издөө иштери улантылат», — деп айтылат маалыматта.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.