280

НТС каналынын көрүүчүлөрү үчүн жагымдуу кабар

ТВ
Күз айларынан тарта НТС телеканалында жапон өндүрүшүндөгү эки сериал менен бир мультфильм мамлекеттик тилде көрсөтүлө баштайт. Мындай ийгиликке Кыргызстандагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын ичинен алгачкылардан болуп НТС телеканалы жетишти. Жапон фонду 156 бөлүмдөн турган “Ханако жана Анна”сериалынын 11 бөлүмдөн турган “Марумо стори” сериалынын жана 26 бөлүмдөн турган “Love Live” мультфильмин сатып алып, Кыргызстандагы жапон элчилиги аркылуу НТС телеканалына өткөрүп берди. Учурда сериалдар менен мультфильм кыргыз тилине которулуп жатат. Котормо жана үн коштоо иштерине каражатты Жапон фонду болгон.