Аялдардын шайлануу укугу канчалык корголгон? (видео)

8286

Аялдардын жергиликтүү кеңешке шайлануу укугу канчалык корголгон? Дал ушул маселеге арналган талкуу болду. Анда тиешелүү мыйзамдарга кирген жаңы нормалар боюнча сөз болду. Эске салсак, быйыл августта күчүнө кирген мыйзамга ылайык, мындан ары жергиликтүү кеңештин депутаттарынын 30 пайыздан кем эмесин аялдар түзүшү керек.

Эки ай мурда жаңы жобо менен алгачкы шайлоо Ысык-Көл областынын Саруу айылдык кеңешинде болду. Барынан кызыгы талапкер болгон мырзалар бул нормага каршы экенин айтып, бийлик бутактарына кайрылышкан. Бирок ар кандай бут тосуу аракеттерине карабастан шайлоонун жыйынтыгында 21 маңдаттын тогузу аялдарга тийген.