Жалал-Абадда террордук уюмдун мүчөсү деп шектелген адам кармалды

941

Жалал-Абадда эл аралык террордук уюмдун мүчөсү деп шектелген адам кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 25 жаштагы шектүү террордук уюмдун лагеринен атайын диверсиялык-террордук даярдыктан өткөн жана Кыргызстанга ошондой аракеттерди ишке ашыруу үчүн жөнөтүлгөн.

Ал 2016-жылдан бери Кыргызстанда Жазык кодексинин “жалданмачылык” беренеси боюнча издөөдө жүргөн. Кылмышка шектүү Жалал-Абад шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Расмий маалыматтарда Ирак жана Сирияга кетип калган кыргызстандыктар 800дөн көп экени, анын 100дөн ашууну аялдар жана балдар экени кабарланган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.