Жаңылыктар / 17.10.19 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

482

Аймактарды өнүктүрүүдө жергиликтүү бийлик активдешүүсү керек. Президент Сооронбай Жээнбеков 2 күндүк иш сапары менен Жалал-Абад областына барып, эл менен жолугушууда.

Депутаттар мыйзам жазып чарчадыбы? Эл өкүлү Курманкул Зулушевдин парламентарийлердин жумушун жеңилдетүү сунушу талкуу жаратты.

Текебаев менен Чотоновдун сотунда күбөлөрдүн саны көбөйүүдө. Эки саясатчынын ишин кароо улантылды.

Өзүн «Кудай» атаган Арстан Алайдын айрым табынуучуларына карата кызматтык териштирүү башталды. Алар мамлекеттик бейтапканада иштеп, салттуу медицинадан баш тартууну сунуштаган дарыгерлер.