Жерүй кени казыла баштады (видео)

1812

Жерүй кени ишке кирди. Расмий түрдө карьерде биринчи жардыруу иши аткарылып, кенди казуу башталды. Жылдын этегине чейин 50 миң тонна руданы иштетип, март айында алгачкы алтынды алуу пландары коюлган.

Эсептөөлөр боюнча Жерүйдө баалуу металлдын запасы 80 тоннадан ашат. Кенди казган ишкана 2020 — жылдын этегинде 2,5 тонна алтын өндүрүүнү пландап жатат. Учурда кенде 600дөн ашуун адам эмгектенет, алдыда жумушчулардын саны 1000ден ашат, дейт жетекчилиги. Ошондой эле Жерүй алтын кенинин ишке кириши менен өлкө бюджетине жылына 2 млрд. сомго жакын киреше түшүп турат.