Кыргызстан менен Япониянын футболчулары беттешет (видео)

1585

«Акшумкарлар» менен «Самурайлар». Ушул бейшемби күнү борбор калаанын Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда Кыргызстан менен Япониянын футболчуларынын беттеши өтөт. Атаандаштардын командасы Бишкекке учуп келишкен. Алар беттеш алдындагы биринчи машыгуусун өткөрүштү.

«Самурайлар» менен «Акшумкарлар» 2022-жылы боло турган Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында беттешет. Учурда Кыргызстандын Улуттук курама командасы да кызуу даярдык көрүүдө. Алар күйөрмандары менен жолугушушуп, оюн алдындагы даярдыктары тууралуу айтып беришти.