Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы 13 жаңы учур катталды

3410

Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйында билдирди. Анын айтуусуна караганда, бүгүнкү күнгө карата өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 695ке жетти.

«Жаңы катталган 13 учурдун ичинен Бишкек шаарында — 6, Ош шаарында — 1 жана Ош облусунда — 1, Чүй облусунда — 2, Нарын облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 2 учур бар», — деди Нурболот Үсөнбаев. Алардын үчөө – медайымдар.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.