Ошто 16 кабаттуу турак-жайдын чөгүп баратканы тастыкталды

2908

Ош шаарында күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү үчүн деп салынган 16 кабаттуу турак-жайдын чөгүп баратканы тастыкталды. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан билдиришти.

Эске салсак, буга чейин Ош шаарынын Раззаков проспектисинде жайгашкан үйдүн тургундары тиешелүү жактарга кайрылышып, обьекттин жер төлөсүнө суу толуп, пайдубалы чөгүп баратканын айтып, тынчсыздануусун билдиришкен. Инспекторлор текшерип чыккандан кийин, турак-жайды курган компаниянын өкүлдөрүн мүчүлүштүктөрдү калыбына келтирүүгө милдеттендиришкен.

Тиешелүү турак-жай Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциясын экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев жетектеп турган убакта курулган. Учурда үйдө 500дөн ашуун тургун жашайт. Дирекция кийинчирээк жоюлуп кеткендиктен турак-жайдын жашоочулары көйгөйлөрдү кайда кайрыларын билбей жатышканын билдирип келишет. Себеби убагында обьектти аталган мекеме өткөрүп алган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.