«Салам» радиосунун жетекчиси, журналист Улукбүбү Амирова көз жумду

3177

Баткендеги «Салам медиа» уюмунун жетекчиси, журналист Улукбүбү Амирова 42 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Маалыматты анын кесиптештери тастыктады. Ал 18-майда инсульт оорусунан улам каза болгон.

Улукбүбү Амирова «Салам» радиосун жетектеп, аны заманбап мултимедиа борборуна айланткан. Эл аралык уюмдар менен кызматташып, бир катар программаларды даярдап келген. Президенттин Ардак грамотасына ээ болгон.

2018-жылы Журналисттердин Республикалык курултайында Жалпыга маалымдоо каражаттарынын үстүнөн түшкөн арыздарды караган комиссиянын мүчөсү болуп шайланган.