Бишкекке Бириккен Араб Эмираттарынан 177 кыргызстандык учуп келди

5086

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, бүгүн, 10-майда ”Манас” эл аралык аэропортунда Fly Dubai авиакомпаниясынын «Дубай-Бишкек» чартердик каттамын тосуп алышты.

«Бишкекке 177 кыргызстандык учуп келди. COVID-19 пандемиясынын жайылышын болтурбоо максатында, жеке коргонуу каражаттарын колдонууда бардык коопсуздук чаралары сакталып, чартердик каттамдардын жүргүнчүлөрү аба майдандын перронунда тейленет, андан кийин алар обсервацияга жөнөтүлөт», — деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, 26-апрелден 3-майга чейин Бириккен Араб Эмираттарынан мурда жетишилген макулдашуунун алкагында өлкөнүн 361 жараны Кыргызстанга кайтып келген.