Бишкектеги жол кырсыгынан 32 жаштагы кош бойлуу келин каза тапты

3735

Түндө Бишкектин Ахунбаев көчөсүндө катталган жол кырсыгында 32 жаштагы кош бойлуу келин каза тапты. Маалыматтарга караганда, «Мерседес-Бенц» унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, мамыны, андан кийин жүк ташуучу унааны сүзгөн.

Кырсыктан кийин Бишкектеги травматология жана ортопедия клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө 3 адам жеткирилген. Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, айдоочу мас абалында болгон.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.