Оренбургда талаада калган кыргызстандык мигранттар чатырга жайгаштырылат

5484

Оренбург облусунда талаада калган кыргызстандык мигранттар Бузулук районунда чатырларга убактылуу жайгаштырылат. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Оренбург облустук бийлигине кайрылып, мигранттарды балдар лагерине жайгаштырууга макулдашылганын дипломатиялык өкүлчүлүктөн кабарлашты.

Бирок Москвадан келип кошулган 70 адамдан турган топ буга макул болгондуктан 170ке жакын кыргызстандык жаран 240 орундуу 8 чатырларга жайгаштырылган. Оренбург облустук бийлиги чатырларды, бүктөлмө керебеттерди жана биоажатканаларды кайтарымсыз жардам иретинде бергени кабарланууда. Мигранттар Казакстан чек арасы ачылганга чейин ошол жерде болот.