Статком: «Быйыл уйдун эти 20 сомго кымбаттады»

4241

2019-жылдын октябрь айынын жыйынтыгы менен өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 1-сорттогу ун 6,6%, жогорку сорттогу ун 3,3% кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети 10 айлык жыйынтыгын жарыялаган жыйында айтты.

2018-жыл октябрь айында 1-сорттогу ун 29,25 сом, жогорку сорттогу ун 37,36 сом болсо быйыл биринчиси 31,1 сом, экинчиси 38,89 сом деп белгиленди. Ошондой эле күрүч былтыр 70,99 сом болсо, быйыл (9% өстү) 77,10 сом болду. Былтыр уйдун эти 323,45 сом болсо быйыл (5,2% өстү) 341,75 сомду түздү.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.