Троллейбус, автобус жана кичи автобустар азырынча киргизилбейт

5230

Коомдук транспорт азырынча киргизилбейт. Анын ичинде троллейбус, автобус жана кичи автобустарга уруксат жок. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди. Анын айтуусунда, COVID-19 инфекциясынын жайылышынын тобокелдиктери пайда болушу ыктымал, мындан улам бул этап өзгөчө мааниге ээ.

«Ошого жараша санитардык талаптарды так сактоо менен бирге, социалдык аралыктын принциптери катуу тартипте көзөмөлгө алынат. Ушул этапка чейинки өзгөчө тартип жана кыймыл-аракеттер текке кетпеши керек. Ошондуктан ишканалардын жана уюмдардын жетекчилерине кайрыларым: чоң жоопкерчилик Сиздерге жүктөлөт. Иш орундарында санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди катуу сактаңыздар. Өз кезегинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери айтылган талаптарды аткарууга катуу көзөмөл жүргүзүүгө тийиш», — деп баса белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө карата белгиленгендей, эпидемиологиялык кырдаалга жараша ишке чектелген сандагы кызматкерлер тартылат.

2020-жылдын 11-майынан тарта карантиндик режимде төмөнкү багыттагы экономикалык ишмердүүлүккө уруксат берилет:

  1. Финансылык жана башка кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүнөн:

— микрофинансылык уюмдар;

— камсыздандыруу компаниялары;

— ломбард;

— акча алмаштыруу пункттары;

— кыймылсыз мүлк боюнча агенттиктер;

— туристтик агенттиктер;

— адвокаттык кызматтар;

— басма кызматтары.

  1. Калкты тейлөө кызматтарынан:

— сантехникалык, электромонтаждык жана жыгач устачылык иштер;

— тиричилик техникаларын, машиналарды, аппараттарды жана шаймандарды оңдоочулар;

— химтазалоо.

  1. Соода чөйрөсүнөн:

— курулуш материалдарынын дүкөндөрү жана базарлары;

— автотетик, велотетик, комплекттөөчү тетиктер, май жана автомобиль сырларын сатуу базарлары;

— тигүү жана булгаары иштетүү тармактары үчүн кездемелерди, фурнитураларды жана башка буюмдарды сатуу базарлары;

— автосалондор – авторыноктордон сырткары.

  1. Массалык маалымат каражаттары.