НТС

Нурлан Дүйшөмбиев: «ЖЭБ боюнча кылмыш иштери объективдүү тергелүүдө»

Бишкек жылуулук электр борбору боюнча козголгон кылмыш иштери объективдүү жана ар тараптуу тергелип жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште ТЭЦтин айланасындагы окуя боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын корутундусу каралып жатканда башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиев билдирди.

Анын айтымында, тиешелүү ишке палатанын жыйынынын стенограммасы да тиркелет. Учурда Бишкек ТЭЦине байланыштуу 4 кылмыш иши козголуп, шектүү катары 7 аткаминер кармалган.

Эске салсак, бүгүн Жогорку Кеңеш өз отурумунда Бишкек жылуулук электр борборундагы авариянын себебин жана аны модернизациялоого жумшалган 386 миллион доллар насыясынын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулоону улантууда.