338

Нуржан Шайлдабекова: Президенттикке талапкерлердин жетөөсү соттолгон

1
Президенттикке талапкерлигин көрсөткөндөрдүн арасында “алдамчылык”, “маңзаттарын сатуу” жана башка кылмыштар үчүн соттолгондор бар. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бүгүн журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрүп жатып билдирди. 5 талапкер буга чейин бир канча жолу соттолгон.

Учурда Боршайкомдун өтүнүчү менен күч түзүмдөрү алардын соттолгондугунун жоюлуп же жоюлбаганын текшерүүдө. Себеби баш мыйзамдагы талапка ылайык, соттолгондугу жоюла элек жарандар мамлекет башчылыгына талапкерлигин коюуга укуксуз. Учурда жалпысынан 11 талапкердин кылмыш жоопкерчилигине тартылуусу боюнча суроолор бар, дейт Боршайкомдун төрайымы.