1627

Нью-Йоркто автоунаа топтолгон элди сүзүп, 18 жаштагы кыз каза болду

22
Нью-Йорктун Таймс-Сквер аянтында автоунаа топтолгон элди сүзүп, 18 жаштагы кыз каза болду. Дагы 22 киши түрдүү жаракаттарды алышты. Унаанын айдоочусу кармалды. Ал өткөн жылы мас абалында унаа башкаргандыгы үчүн кармалган 26 жаштагы Ричард Рохас аттуу жергиликтүү тургун болгон. Полиция, ММКлар жана күбөлөр окуяны теракт эмес деп эсептешүүдө. Бирок Таймс-Сквер аянты курчоого алынып, полиция иликтөө жүргүзө баштаганы маалым болду.