НТС

ӨКМ: Кыргызстанда үшүк жүрүшү күтүлөт (видео)

Бир жума ичинде өлкөнүн бир катар аймактарында үшүк жүрүшү күтүлүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги айрым жерлерде абанын температурасы төмөндөп, жамгыр карга айланышы мүмкүн деп эскертти.

Мындай аба ырайы жашылча-жемишин жыйнай элек дыйкандар үчүн кооптуу. Айрым аймакта түшүмдүн 20 пайызы эле чогултулган.