Сабиржан Абдикаримов: Кыргызстанда коронавирус жугузуп алгандар көбөйүүдө

7035

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов өлкөдө акыркы күндөрү күчөгөн башаламандыктын кесепетинен адамдар облустардан шаарга келип-кетип, коронавирус тез жайылып баратканын билдирди.

«Оорунун таркап кетүү коркунучу бар, анткени көпчүлүк санитардык нормаларды сактабай жатат. Ошол эле учурда суук түштү, башка сасык тумоо оорулары да күчөөдө. Бардык жарандарды санитардык ченемдерди сактап, беткап кийип, зарыл болбосо көчөгө чыкпай, антисептик колдонууга чакырам», — деди министр.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 8-октябрдагы маалыматына караганда, Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен төрт киши кайтыш болду. Алардын экөө Баткенде, бири Ош облусунда, бирөө Бишкекте катталды. Бул августтан бери коронавирустан өлгөндөрдүн саны боюнча эң жогорку көрсөткүч.

Саламаттык сактоо министрлигинин расмий жаңы эсеби боюнча пандемия башталган март айынан бери вирустун курмандыктары 1073 кишиге жетти. Акыркы күндөрдө коронавирус жугузуп алгандар да көбөйүп жатканы байкалууда. Соңку бир суткада вирус дагы 245 кишиден лабораториялык жол менен жаңы аныкталды.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.