Эске салсак, “Дордой-1” конушунун 9-көчөсүндө жайгашкан кампадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Буга күбө болгондор да кырсык тууралуу интернет аркылуу бөлүшүп, фото жана видеолорду жарыялап жатышты. Алардын жазганына караганда, товар сакталуучу жай, ага жанаша жайгашкан үйлөр жана унаа токтотуучу жай өрттөнүп кеткен. Бирок муну Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тастыктаган жок.
Отту өчүрүүгө 6 бөлүм тартылып, алардын жардамы менен кампаны каптаган жалын чектөөгө алынып, толугу менен өчүрүлгөн. «Дордой-1» конушунун тургундарынын айтымында, кампадан 50дөй күйүп кеткен кир жуучу машиналар чыгарылган. Айрымдарынын маалыматы боюнча, ал жердеги товардын жалпы суммасы 3 миллион долларды түзгөн.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, соңку бир сутканын ичинде эле Кыргызстанда 44 өрт кырсыгы катталган.