Соль-Илецк шаарынан Бишкекке 963 жаран автобус менен алып келинди

14910

Россиянын Оренбург облусунун Соль-Илецк шаарынан Бишкекке 963 жаран автобус менен алынып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Министрликтен билдиришкендей, Соль-Илецк шаарында туруп калган кыргызстандык жарандарды мекенине алып кетүү үчүн Казакстан менен транспорттук коридиор түзүп берүү маселеси макулдашылган.

20 автобус менен 963 жаран Кыргызстанга келди. Казакстандын жол полиция кызматынын коштоосунда дагы 12 автобус менен 533 жаран кыргыз-казак чек ара көздөй келе жатат, — деп билдирет министрлик.

Тышкы иштер министрлиги, Россияда жүргөн кыргызстандык жарандарды чек ара ачылганга чейин орус-казак чек арасына келбөөнү суранат. Ошондой эле министрлик, кыргызстандык жарандардын орус-казак чек арасына келип, топтолушун алдын алуу максатында Россиядан (Москва, Новосибирск жана Екатеринбургдан) Кыргызстанга учкан чартердик каттамдардын саны көбөйтүлгөнүн билдирет.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.