Кара-Кечеге эмнеге Альфанын аскерлери тартылды? (видео)

1642

Кара-Кече кенине тартылган УКМКнын “Альфа” атайын багыттагы бөлүгүнүн 12 аскери касса жана тараза турган жерге жайгаштырылды. Мындай маалымат менен Жумгал райондук жаштар кеңешинин төрагасы Марат Оторбаев бөлүштү. Курал-жаракчан альфачылар “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинин өтүнүчү менен бөлүнүп берилген.

Кенге атайын кызматтын өкүлдөрүнүн тартылышы ал жакта абал тынч эмеспи, деген суроону жаратууда. Ишкана өкүлдөрү кооптонууга эч кандай негиз жок дегени менен, аталган мекеменин экс-директору Расул Умбеталиев Кара-Кече көмүр кенинде криминалдын таасири күчөп кеткенин айтууда.