Жапаровдон элдин үмүтү чоң (видео)

1628

Бир топ калаа тургундары менен коноктору Улуттук филармонияда болуп жаткан инаугурацияга “Ала-Тоо” аянтында туруп күбө боло ала алышты. Бул үчүн атайын лэд-экрандар орнотулган.

Чогулгандардын көпчүлүгүн жаштар менен улуу муундун өкүлдөрү түздү. Алардын катары улам толукталып, келгендер салтанатты баштан аяк көрүп турушту. Качан гана инаугурациянын расмий бөлүгү аяктап, президент иш бөлмөсүнөн орун алган соң, келгендер тарап башташты.