НТС

«Өлбөс полк» жөө жүрүшүнө келгендердин баары тыкыр текшерүүдөн өткөрүлөт

Иш чара учурунда спирт ичимдиктерин, фейерверк колдонууга тыюу салынат. Тартип сакчылар коопсуздук максатында көрүлүп жаткан аракеттерге жарандарды түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.

«Өлбөс полк» жөө жүрүшү маалында борбор калаадагы айрым көчөлөр да убактылуу жабылат. Буга байланыштуу шаардык милиция күчөтүлгөн режимде иштей баштады.

Улуу Жеңиштин 73 жылдыгына арналган майрамдык салтанат учурунда коомдук тартипке 2 миңден ашуун кызматкер көз салат.