Энергетика тармагындагы көйгөйлөр (видео)

8711

Энергетика тармагынын тышкы карызы эле 103 миллиард сомго жетти. Аткаминерлердин айтымында, насыянын көлөмү акыркы 4-5 жылда көбөйгөн. Анын басымдуу бөлүгү Датка-Кемин чубалгыларын орнотуу жана Бишкек жылуулук электр борборун жаңылоо сымал ири долбоорлорго кеткен.

Ал арада Россиялык «РусГидоро» ишканасы Жогорку Нарын каскадынын башталгыч иштерине салынды делген 37 миллион долларын доолап жатыптыр. Энергетика тармагындагы көйгөйлөр парламенттин «Республика-Ата Журт» фракциясында көтөрүлдү.