НТС

Өлкөдө 70 млн сомго Кожомкул баатыр тууралуу көркөм тасма тартылат

Мындай тапшырманы бүгүн парламенттеги тармактык комитет Маданият министрлигине берди. Мекеменин статс катчысы Бактыбек Секимовдун айтымында, Каба уулу Кожомкул тууралуу фильмди тартууга 70 миллион сом талап кылынат.

Быйыл анын 25 миллион сомун бөлүү керек, ал эми калганын кийинки жылы таап берүү зарыл. Кинонун узактыгы 120-130 мүнөт болушу мүмкүн.