Өлкөдө дагы 266 видеокөзөмөл камералары орнотулат (видео)

3131

«Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабын быйыл июнь айында бүткөрүү пландалууда. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматынан билдиришти. Ал эми тендерден утуп чыккан кытайлык компаниянын өкүлдөрү берилген мөөнөткө жетишпей калабыз дешүүдө.

Буга пандемия себеп болуп жатыптыр. Экинчи фазанын алкагында республика боюнча дагы 266 видеокөзөмөл камера орнотула турганы белгилүү болду. “Коопсуз шаар” долбоорунун биринчи этабында 10 көчөнүн кесилишинде көзөмөл жабдыктары илинген.