Фубол: Кыргызстандын курама командасы эртең Тажикстан менен беттешет

3184

Эртең Кыргызстан менен Тажикстандын футбол боюнча курама командалары беттешет. Оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болот. Бүгүн эки өлкөнүн оюнчулары ири мелдештин алдында алгачкы машыгууларын өткөрүшүүдө.

Кыргызстан-Тажикстандын футболчуларынын беттешүүсү — маанилүү оюн болуп эсептелет. Анткени кошуна мамлекеттин командасы тайпадагы экинчи орун үчүн негизги атаандаштар экендиги маалым.

Учурда F тайпасында 12 упай топтогон Япония лидери болуп турат. Андан кийинки орундарда алтыдан упай алган Кыргызстан менен Тажикстандын командалары бар.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.