НТС

Өлкөдө капиталы 18 млрд сомду түзгөн фонд түптөлөт (видео)

Орто жана чакан бизнести колдоо максатында капиталы 18 миллиард сомду түзгөн “турукташтыруу фонду” түптөлөт. Бул тууралуу 2026-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү программасынын долбоорун талкуулоо учурунда белгилүү болду. Ага ылайык, алдыңкы 5 жылда фискалдык системаны реформалап, салык процедураларын автоматташтыруу каралган.

Тармакты жакшыртуудан түшкөн акча да дал ошол турукташтыруу фондуна которулуп турат экен. Ошондой эле, талкуунун жүрүшүндө бир катар тармактарда конкреттүү долбоорлор ишке кирүү алдында турганы да белгилүү болду.