Жетекчисиз калган мамлекеттик мекемелер (видео)

2298

Жетекчиси жок иштеп жаткан мамлекеттик мекемелер. Булардын сап башында Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги турат. Аталган мамлекеттик орган бир ай мурда башчысыз калган. Социалдык фонд менен ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясында болсо жетекчилери камакта.

Медер Ирсалиев менен Калыс Жумаканов коррупциялык иштерге шектелип, УКМК тарабынан кармалып, тергөө абагына киргизилген. Буга карабастан алар кызматынан убактылуу дагы четтетиле элек. Милдеттерин болсо орун басарлары аткарып жатыптыр.